Чүйдө кайнене менен күйөө баланын жаңжалы бычакташуу менен аяктады — видео

Чүйдө кайнене менен күйөө баланын жаңжалы бычакташуу менен аяктады — видео

Чүйдө кайнене менен күйөө баласынын жаңжалы бычакташуу менен аяктады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,12-октябрь күнү саат 00:30дар чамасында Токмок шаарынын аймактык ооруканасына бычактан жаракат алган 3 адам түшкөнү тууралуу милицияга кабар келген. 

Териштирүүлөрдүн натыйжасында алар бир үй-бүлө мүчөлөрү экендиги жана үй-бүлөлүк чыр ырбап бычак менен бири-бирине кол салууга жеткиргенини белгилүү болгон.

“Алдын ала маалыматтар боюнча, үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда 46-жаштагы И.М. аттуу аял анын күйөө баласы 36-жаштагы Н.А. жана 27 жаштагы К.М. аттуу аял киши да жаракат алган. Учурда окуя тууралуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми чыр-чатакка катышкан үч жаран ооруканада милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда жатышат”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Бул факты Жазык кодексинин 138-беренеси («Ден-соолукка оор залал келтирүү») менен кылмыш иши катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>