Чаткал районундагы мектептин төбөсүнүн урашынан эч ким жабыр тарткан эмес. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Reporter.kg′ге тастыктады.
Министрликтин тактоосуна караганда, окуучулардан бири да эч кандай жабыр тарткан эмес. Мугалимдин кан басымы көтөрүлүп кеткен. Кырсык маалында мугалим окуучуларды тышка алып чыгууга үлгүргөн. Бирок, жагдайдан алган стресстен болгондуктан, бир сыйра ден-соолуктарын каратуу үчүн Ала-Бука ооруканасына жөнөтүлгөн.
Буга чейин, бүгүн, 17-май күнү түш оой Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу бөлмөсүнүн шыбы (потологу) урап түшкөндүгү тууралуу маалымат тараган болчу. Окуучулар Ала-Бука ооруканасына жөнөтүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирген эле.