Сокулукта өгөй атасы тарабынан зордукталган кыз таежесине берилди

Сокулукта өгөй атасы тарабынан зордукталган кыз таежесине берилди

Сокулук районунда өгөй атасы тарабынан зордукталган өспүрүм кыз менен психологдор иштеп жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлө, балдарды коргоо жана гендердик маселелер боюнча башкармалыгын башчысы Бакыт Тодогелдиев билдирди.

Анын айтымында, кыз үй-бүлөсүнөн алынып, таежесинин колуна берилди.

“Учурда ал кыздын окуу жылын онлайн же башка мектепте окуп бүтүүрүү маселеси каралууда. Үй-бүлөдө дагы эки кыз бар. Жабыркаган кыз кичинекей кезинен тарта таежесинин колунда тарбияланып келген. Ал ага көбүрөөк ишенет. Ошондуктан ага айтып бергенден кийин таежеси милицияга арыз жазган”, — деди Бакыт Тодогелдиев.

Ошондой эле, ал медициналык кызматкерлердин, психологдордун жана соттун чечиминен кийин кыз таежеси менен жашап кала алат.

“Учурда өспүрүмгө тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп жатат. Эгерде кыз таежеси менен жашоону кааласа, анда бул маселе дагы каралат. Жабырлануучу тандоо укугуна ээ”, — деди ал.

Буга чейин өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран кармалганын Чүй облустук милициясынын билдирген.

6-майда Сокулук райондук милициясына жергиликтүү аял арыз менен кайрылып, анда ал жээнинин күйөөсүнө чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, ал 2008-жылы туулган өгөй кызын бир нече жылдан бери зордуктап келгенин билдирген. Аял бул тууралуу жээни 3-майда кызын анын үйүнө калтырып кеткенде билген. Кыз бир нече жылдан бери өгөй атасы аны зордуктап келгенин айткан.

Бул факт КРнын Кылмыш жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча катталып, 1987-жылы туулган С.А., аттуу шектүү жаран кармалган. Ал көрсөтмө берүү учурунда күнөөсүн мойнуна алып, өспүрүмдүн макулдугу менен жыныстык катнашта болгонун билдирген.

Шектүү жаран милициянын убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

Тэги: Зордуктоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>