Ошто көчөнү кеңейтүүгө тоскоолдук кылган эки адам кармалдыКыргыз-герман ишкер кеңешинин отуруму сентябрда КРда өтөтТажикстанда компаниялардын кызматкерлерин жумуш ордунда көнүгүү жасоого милдеттендириштиЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 21-июнга карата аба ырайынын божомолуКыргызстан менен Монголия эт азыктарын жеткирүү пландарын белгилештиКыргызстан Кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясына кирүүнү пландап жатат
Чемпиондор лигасы: “Реал Мадрид” ПСЖга утулду
19.09.2019 | 11:02
Түндө испаниялык “Реал Мадрид” футбол клубу Чемпиондор лигасынын тайпалык оюнунда франциялык ПСЖ клубу менен ойноду. Оюн Франциянын Парк де Пренс талаасында өттү.
УЕФАнын расмий сайтындагы маалыматка караганда, ПСЖ 3:0 эсеби менен жеңишке жетти.
Эки голду катары менен франциялык команданын чабуулчусу Ди Мария Гейенин киргизген. Ал эми үчүнчү голду 91-мүнөттө, тагыраагы кошумча берилген убакытта ПСЖ командасынын коргоочусу Томас Менье киргизди.
ПСЖ кийинки оюнду 2-октябрда “Галатасарай” менен өткөрөт. Испаниялык “Реал Мадрид” футбол клубу 1-октябрда “Брюгге” клубу менен беттешет.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт