Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Өзбекстанга барат

15.06.2026 | 10:01
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Өзбекстанга барат — Новости Кыргызстана

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 16–17-июнь күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Касымалиев V Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышып, пленардык жыйында сөз сүйлөйт.

Иш-чаранын алкагында Өзбекстандын расмий өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар, ошондой эле бир катар сүйлөшүүлөр пландаштырылган.

Мындан тышкары, КР Министрлер кабинетинин башчысы форумга катышып жаткан делегациялардын жетекчилери менен биргеликте Борбордук Азиянын эл аралык көргөзмө борборуна (Central Asian Expo) барып, бизнес-аянтчанын ишмердүүлүгү, ошондой эле Ислам цивилизациясы борборунда коюлган тарыхый материалдар менен таанышат.

Scroll to Top