Кастинг жарыяланды: Кыргызстандык кыздар эл аралык K-pop тобунун мүчөсү боло алат

Кыргызстанда «Click the Star – Борбор Азия» долбоорунун алкагында эл аралык жаңы K-pop тобун түзүү үчүн жаш кыздар арасында кастинг өткөрүлөт. Кастингди Сеулдагы «World K-pop Center» борбору өткөрүүдө. Долбоор Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан колдоого алынды.
Долбоордун жыйынтыгында «BLINGONE» аттуу эл аралык кыздар тобу түзүлөт. Анын курамына Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан экиден (жалпы 6) кыз тандалып алынат. Тандоодон өткөндөр Сеул шаарына жөнөтүлүп, кореялык хореографтар жана продюсерлер менен иштешет. Алар менен келишим түзүлүп, дебюту уюштурулат.
Тандоо процесси август айында башталат. Кастингге 16 жаштан 22 жашка чейинки кыздар катыша алат. Негизги талаптар: вокалдык даярдык, пластика, харизма жана топ менен иштөө жөндөмү.
Тандоо этаптары:
- Видеобилдирмелер аркылуу онлайн тандоо.
- Түштүк Кореядан келген эксперттердин катышуусундагы офлайн угуу.
Тандоо процесси жана топтун иши тууралуу реалити-шоу тартылат. Программа Түштүк Кореянын телеканалдарында жана YouTube платформасында көрсөтүлөт. Кийинчерээк топтун түзүлүшү тууралуу даректүү тасмалар чыгарылат.