Президенттик борт баарына ачылат: Бишкектин четиндеги авиамузей кандай болот

«Манас» аэропортунун жанында Кыргызстандагы алгачкы авиамузей түзүлүүдө. Келген коноктор мурдагы №1 президенттик учактын ичин көрүп, жүк ташуучу лайнерлер менен таанышып, авиация тарыхы тууралуу биле алышат. Ачылышы 2027-жылдын ортосуна пландалууда. Музейдин экспонаттарына кайсы учактар айланары, мурдагы президенттик борттун ичинде эмнелер бар экени жана лайнерлердин бири эмне үчүн ресторанга айландырылышы мүмкүн экени тууралуу Reporter.kg сайтына «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын операциялык жана өндүрүштүк ишмердүүлүк боюнча директору Жалын Бримкулов айтып берди.
— Жалын мырза, бүгүн биз буга чейин тартуу иштери жүргүзүлбөгөн аянтчада турабыз. Түшүнүгүм боюнча, дал ушул жерде авиациялык музей ачуу пландалуудабы?
— Ооба, биз бул жерде Кыргызстандагы жалгыз авиациялык музейди түзүүнү пландап жатабыз.
Ал үчүн көп жылдар бою аэропорттун перронунда турган учактарды пайдаланууну чечтик. Алардын айрымдары кийин банкрот болгон авиакомпанияларга таандык болчу. Башка учактар бузулуп, мындан ары уча албай калган.
Ушул жылдар бою соттук териштирүүлөр жүрүп, жыйынтыгында аба кемелери бизде калды. Аларды темир-тезекке өткөрүп жиберүүнүн ордуна, жетекчилигибиз бул учактардан музей түзүүнү чечти.
— Ачылгандан кийин коноктор бул жерден эмнелерди көрө алышат? Аянтчада азыртадан эле Boeing, Ту жана башка чоң учактар турат. Эмнеси менен таң калтырууну көздөп жатасыздар?
— Баарынан мурда, аянтчанын так ортосунда биздин №1 бортубуз турат.
— Аны менен чын эле Кыргызстандын президенттери учушканбы?
— Ооба. Биздин музейде коноктор айрым учактардын ичине кире алышат. Мисалы, мурдагы №1 президенттик борттун ичине кирүүгө уруксат беребиз.

Адатта адамдар бул учакты сыртынан гана көрүшчү. Ал эми ичинде эмне бар экенин аз эле киши билет. Ошондуктан биз конокторго президенттик учак кандай жасалгаланганын өз көзү менен көрүүгө мүмкүнчүлүк бергибиз келет.
— Ичинде баары баштапкы калыбында сакталабы?
— Ооба, баарын сактап калууну пландап жатабыз. Иштен чыккан жерлерин оңдоп, калыбына келтиребиз. Учак дээрлик жаңыдай болуп калат.
— Ал эми президенттик борттун ичинде эмнелер бар? Ал жакта уктоочу бөлмө барбы?
— Ооба, бар. Бардык иштерди бүтүргөнүбүздө, сиз бул учакка биринчилерден болуп кирип көрө аласыз, биз сизге баарын көрсөтүп беребиз.
Ичинде президент үчүн өзүнчө бөлмөлөр, уктоочу бөлмө, коштоп жүрүүчү адамдар үчүн атайын бөлүктөр жана ашкана бар. Айтор, ал жакта кызыктуу нерселер көп.
Президенттик борттон тышкары бизде башка учактар да коюлган. Мисалы, жүк ташуучу Airbus A300. Көпчүлүк жүргүнчү ташуучу учактарда учуп көргөн, бирок жүк ташуучу лайнер ичинен кандай көрүнөрүн көргөндөр аз. Ошондуктан анын ичинде да экскурсияларды өткөрүүнү пландап жатабыз.
Музейдин аймагында өзүнчө фудкорт аймагы да болот. Адамдар бул жакка келип, тамактанып, сейилдеп же мисалы, love story стилинде фотосессия жасай алышат.
Ал эми тигил жерде Lockheed турат — бул аянтчадагы эң чоң учак. Коноктор учактардын учуп-конуусун жакындан көрө алышы үчүн биз аны атайын учуп-конуу тилкесине параллель жайгаштырдык.
— Учактардын бирин ресторанга айландырганы жатышат дешет. Бул чынбы?
— Ооба, ушундай идея бар. Азырынча эч нерсе убада кылбайм, бирок учактардын бирин ресторан кылып кайра жабдуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатабыз.
Учактын так ичинде түштөнүү өзгөчө жана кызыктуу болмок деп ойлойм.
— Авиациялык музей түзүү идеясы кандайча пайда болду? Алдыңыздарга кандай башкы максатты коюп жатасыздар?
— Баарынан мурда, биз жарандарыбызды, айрыкча балдарды авиация менен тааныштыргыбыз келет. Азыр Кыргызстанда бул тармак тез темпте өнүгүп жатат, андыктан адамдар ал тууралуу көбүрөөк билишин каалайбыз.

Балдар жана жаштар авиацияга кызыгып, бул чөйрөдөгү кесиптер жөнүндө билишсе дейбиз. Бирок музей аларга эле эмес, бардык курактагы адамдарга кызыктуу болот. Бул жерге жөн эле келип, сейилдеп, убакыт өткөрүүгө болот.
— Музей туристтерге да кызыктуу болот го деп ойлойм?
— Ооба, албетте. Анын үстүнө ал аэропорттун жанында жайгашкан. Кыргызстанга учуп келген же өлкөдөн учуп кетип жаткан туристтер жолдон кайрылып, сейилдеп, учактарды көрүп кете алышат.
— Музейди качан ачууну пландап жатасыздар?
— Болжол менен 2027-жылдын ортосунда.
— Бардык иштер аэропорттун бюджетинен каржылануудабы?
— Ооба, бардык чыгымдар аэропорттун бюджетинин эсебинен жабылат. Мурда бул жерде жөн гана бош аянтча бар болчу, такыр эч нерсе жок эле.
Бизге дээрлик нөлдөн баштоого туура келди: ылайыктуу топурак ташып келип, аймакты даярдап, учактарды перрондон бул жакка көчүрүп келдик. Бул абдан татаал жумуш болду. Көптөгөн учактардын шассилери же такыр жок болчу, же таптакыр жараксыз абалда эле. Ошондуктан аларды ташып келип, жайгаштырууга абдан көп күч жана каражат жумшалды. Бирок мунун баарын өз күчүбүз менен жасап жатабыз.
Эльвира Сатыбекова
Анара Мамытова