Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Чет өлкөгө ишке орноштуруучу “Евро Хантер” компаниясынын иши токтотулду
25.06.2024 | 11:30
Жарандардын даттануусунан кийин “Евро Хантер” компаниясынын иши токтотулду. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Ишкана “Жаранды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө” жобонун нормаларын бузган.
Ага учурдагы маселелерди чечип, катталган кардарлардын алдындагы милдеттенмелерди аткармайынча иш алып барууга тыюу салынды.
Андан сырткары, кардарларына акча каражаттарын кайтарып берүү талабы коюлду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом