«Кимчи»: Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөтКыргызстанда суулуу-саздуу жерлерди коргоонун жана пайдалануунун жаңы эрежелери иштелип чыктыОшто медициналык борбордун курулушунан мыйзам бузуулар аныкталды«Тазалык» ишканасына чыккан газдар үчүн 92 миң сом айып салындыКыргызстан менен Өзбекстан электр энергиясын өз ара жеткирүү маселелерин талкууладыМээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
Чет өлкөгө ишке орноштуруучу “Евро Хантер” компаниясынын иши токтотулду
25.06.2024 | 11:30
Жарандардын даттануусунан кийин “Евро Хантер” компаниясынын иши токтотулду. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Ишкана “Жаранды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө” жобонун нормаларын бузган.
Ага учурдагы маселелерди чечип, катталган кардарлардын алдындагы милдеттенмелерди аткармайынча иш алып барууга тыюу салынды.
Андан сырткары, кардарларына акча каражаттарын кайтарып берүү талабы коюлду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом