Бишкектин бир бөлүгүндө газ үч күнгө өчүрүлөтАла-Бука, Базар-Коргон жана Москва райондорунун акимдери алмашты. Президент жарлыктарга кол койду«MedExpo Kyrgyzstan 2026»: Бишкекте 10дой өлкөнүн компаниялары катышкан медициналык көргөзмө ачылдыСадыр Жапаров бир катар шаарлардын мэрлерин алмаштырдыКРда КЖЭБ өндүрүүчүлөрүнөн электр энергиясын сатып алууга кепилдик берилген — Энергетика министрлигиКМШда Креативдүү индустриялар ассоциациясын түзүүгө киришишти
Чөнтөк уурулардан кантип сактануу керек? – видео
18.12.2021 | 13:40
Борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы чөнтөк уурулуктан кантип сактануу керектиги боюнча социалдык ролик даярдады.
«Көптөгөн жарандар, өзгөчө борбордун тургундары чөнтөкчүлөргө туш болушууда. Бирок, кылдат жана этият болсоңуз, уурулардан сактанууга болот”, – деп эсептешет милиция кызматкерлери.
Өзүңүздү чөнтөк ууруларынан коргоо үчүн бир нече эрежелерди сактоо жетиштүү:
1. Шымыңыздын арткы чөнтөгүнө жана күрмөңүздүн каптал чөнтөгүнө баалуу буюмдарды салбаңыз;
2. Баштыктарды (сумка) алдыңызга, көзгө көрүнгөн жерде кармаңыз;
3. Жеке буюмдарыңызды унутпаңыз жана кароосуз калтырбаңыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом