Жапыкеев Жапаровго: Сизди аңга түртөм деген «красавчиктерден» арылыңыз

Жапыкеев Жапаровго: Сизди аңга түртөм деген «красавчиктерден» арылыңыз

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев президент Садыр Жапаровду футболду мыкты ойногону менен куттуктады. Мындан тышкары ал кадр маселесиндеги кемчиликтерди да атады. Бул тууралуу кайрылуусун Жапыкеев «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Садыр Нуркожоевич, футболду катуу ойнойт экенсиз, кечке кайталап көрдүм. Сизди да футболдун 100 жылдыгы менен куттуктайм. Кыргыз футболун чынында өркүндөтүш сиздин түздөн-түз милдетиңиз, биздин да милдет. Футбол ойногонго президент укуктуу. 100 жылдык маареке — майрам.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сизге кайрылуу: Сиз ажосуз, президентсиз сизди аңга түртөм дегендер көбөйдү. Алар оппозиция эмес, алар сиздин жанынызда жүргөн эле «красавчиктер», сизге таза эместер өтө көп жабышып, туура эмес кеңеш берип жатышат. Элде нааразычылык көбөйө баштады. Мени тилдегендер толтура «сен эле кылдың» деп. Мен сизге ининиз катары кайрылып жатам. Бизде көп жер кыйрап жатат. Кеңешчилеринизди алмаштырыныз, Сүйүнбек Касманбетовдор эмне болуп эле сиздин жаныңызда жүрүш керек? Биз, сиз түрмөдө жатканда, чыркырап жүргөндө ушулар кайда эле? Садыр ава, мен сизге душман эмесмин. Жакшы эле болсун деп жатам. Кадр саясаты өтө чатак болуп калды. Таза иштерман адамдарды коюңуз. Өлкөбүздөн кыйын билгичтер чыгып баштады. Бул чатак. Бир да инвестор келген жок, болгон инвесторлор Өзбекстанга кетип башташты. Финполицияны бекер жойдунар, товардын баасын финполиция түздөн-түз көзөмөл кылышчу. Ишиңизге ийгиликтер болсун, эл менен болунуз»,— деп жазды ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>