Чукул кабар: 18-19-майда аба ырайы кескин өзгөрүп, жаан жаайт. Айрым жерлерде сел жүрүшү күтүлөт

Чукул кабар: 18-19-майда аба ырайы кескин өзгөрүп, жаан жаайт. Айрым жерлерде сел жүрүшү күтүлөт

Аптаптуу ысыктан кийин 18-19-май күндөрү өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

18-майда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, ал эми 19-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.

18-19-май күндөрү жана 20-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт:

    • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 20…25°,
    • Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 19…24°,
    • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 11…16°, күндүз 21…26°,
    • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3…8°, күндүз 15…20°,
    • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 15…20°,
    • Өлкөнүн тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн 5…10°, күндүз 14…19°,
    • Тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16° жылуу,
    • Тийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 1…6° жылуу болушу күтүлөт.

ӨКМ 18-19-майда туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экендигин билдирди.

Мындан улам ӨКМ жарандарды бул күндөрү тоолордо, кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болууга чакырып, сел каналдарын, арыктарды тазалоо керектигин эскертти

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>