Өзбекстанда түрмөдөгүлөргө аралыктан жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү берилет

Өзбекстанда түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан жарандар 2027/2028-окуу жылынан баштап жогорку окуу жайларында акы төлөө негизинде аралыктан билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Өлкөнүн Юстиция министрлиги Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 16-ноябрда бекиткен «Янги ҳаёт» (Жаңы жашоо) программасында ушундай тартип каралганын маалымдады.
Маалыматка ылайык, студент болгон соттолуучулар үчүн түзөтүү жайларында видеобайланыш жабдуулары коюлган бөлмөлөр уюштурулат. Бул аларга мекеменин чегинен чыкпастан сабактарга катышууга жол ачат.
Аталган чечим кесиптик билим берүүнү кеңейтүүнү да карайт. Белгиленген окуу жылына чейин жаза аткаруу тутумунда 310 кабинет жана практикалык сабактар үчүн 420 жай жабдылат. 2030-жылга чейин суроо-талап бар 50 кесип боюнча окутуу уюштурулуп, жыл сайын 15–20 миң соттолуучуну окутуу пландалууда. Мындай кадам менен өзбек бийлиги кайталап кылмыш жасоо көрсөткүчүн 30 пайызга азайтууну көздөп жатканы маалымдалды.
Ошондой эле программага ылайык, түзөтүү жайларында «Ёш китобхон» (Жаш китепкөй) сынагы өткөрүлүп, китепканалар «Мутолаа» электрондук базасына туташтырылат. Бул соттолгондорго китептерди электрондук, аудио жана видео форматта колдонуу шартын түзөт.