Жаңжалсыз чек ара: Кыргызстан менен Өзбекстан 10 айдын жыйынтыгын чыгарды

21.11.2026 | 10:35
Жаңжалсыз чек ара: Кыргызстан менен Өзбекстан 10 айдын жыйынтыгын чыгарды — Новости Кыргызстана

2026-жылдын башынан бери мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде бир дагы чек ара инциденти же жаңжалы катталган жок. Бул тууралуу 20-ноябрда Ош шаарында өткөн эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун Аскердик кеңешинин сегизинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

Жыйынга КР Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) төрагасы Данияр Сатимов, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын (МКК) төрагасынын орун басары — Чек ара аскерлеринин кол башчысы Салимжон Хусанов, эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун өкүлдөрү, ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Фолькер Фробарт катышты.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн аркасында чек арада жаралган маселелер жеринде ыкчам чечилүүдө.

Жаңжалсыз чек ара: Кыргызстан менен Өзбекстан 10 айдын жыйынтыгын чыгарды — иллюстрация
Тараптар 2026-жылдын 10 айындагы биргелешкен иштердин жыйынтыгын чыгарышып, чек ара коопсуздугун камсыздоо, контрабандага, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансчегаралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.
Жаңжалсыз чек ара: Кыргызстан менен Өзбекстан 10 айдын жыйынтыгын чыгарды — контекст события

Учкучсуз учуучу аппараттарды жана жасалма интеллект технологияларын мыйзамсыз колдонууга байланыштуу жаңы коркунучтарга өзүнчө көңүл бурулду.

«Чек ара ишенимдүү тосмо бойдон калууга тийиш»

КР МЧК башчысы Данияр Сатимов мамлекеттик чек араны натыйжалуу кайтаруу эки өлкөнүн туруктуу өз ара аракеттенүүсүн жана макулдашылган иш-аракеттерин талап кыларын баса белгиледи.

Жаңжалсыз чек ара: Кыргызстан менен Өзбекстан 10 айдын жыйынтыгын чыгарды — фото 4

«Мамлекеттик чек ара террористтик жана экстремисттик уюмдардын кирип келүүсүнө, курал-жарактарды, баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүүгө жана башка укукка каршы иш-аракеттерге каршы ишенимдүү тосмо бойдон калууга тийиш. Бул үчүн маалымат алмашууну, иш-аракеттерди координациялоону жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү өркүндөтүү зарыл», — деди ал.

Сатимов өз ара ишенимге жана урматтоого негизделген кызматташтык эки мамлекеттин коопсуздугун жана аймактагы туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзүшү керектигин кошумчалады.

Жаңжалсыз чек ара: Кыргызстан менен Өзбекстан 10 айдын жыйынтыгын чыгарды — фото 5

Өз кезегинде Өзбекстандын МККнын Чек ара аскерлеринин кол башчысы Салимжон Хусанов кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн агымы өсүп жатканын, жаңы өткөрүү пункттары ачылганын жана эки өлкөнүн президенттери жетишкен макулдашууларды аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара — бул бөлүү сызыгы эмес, ишенимдин жана кызматташтыктын мейкиндиги. Биздин жалпы милдетибиз — бул ишенимди аяр сактап, чек арачылардын келечек муундарына өткөрүп берүү», — деп билдирди ал.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 10 айында кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу 18 млндон ашык адам жана 965 миң транспорт каражаты өткөрүлгөн.

Кызматташтык жана чек ара инциденттеринин алдын алуу

Ошол эле күнү Ошто өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана Мамлекеттик чек арада чек арачылардын жүрүм-турум линиясы боюнча биргелешкен сабактарды өткөрүүгө арналган аймактык жолугушуу болду.

Жаңжалсыз чек ара: Кыргызстан менен Өзбекстан 10 айдын жыйынтыгын чыгарды — фото 6

Катышуучулар белгиленген жүрүм-турум эрежелерин сактоону жана мүмкүн болгон чек ара инциденттеринин алдын алуу чараларын талкуулашты.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт мындай жолугушууларды өткөрүү 2025-жылдын мартында кол коюлган Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясынын рухуна туура келерин белгиледи.

Анын айтымында, мындай иш-чаралар Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара коопсуздугу жана чек араларды башкаруу чөйрөсүндө ишенимди бекемдөөгө жана кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигинен кабар берет.

Жаңжалсыз чек ара: Кыргызстан менен Өзбекстан 10 айдын жыйынтыгын чыгарды — фото 7

Аскердик кеңештин жыйынынын жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды жана мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын бекиткен протоколго кол коюшту.

Расмий бөлүктөн кийин катышуучулар КР Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгына барып, чек ара комплексинин жаңы объектилери жана кызмат өтөө шарттары менен таанышышты.
Жаңжалсыз чек ара: Кыргызстан менен Өзбекстан 10 айдын жыйынтыгын чыгарды — фото 8

Ошондой эле башкармалыктын этношаарчасынын аймагында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда улуттук спорт түрлөрү боюнча мелдештер өттү. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Жаңжалсыз чек ара: Кыргызстан менен Өзбекстан 10 айдын жыйынтыгын чыгарды — фото 9

Scroll to Top