Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Чүй: 40 тонналык контейнер уурдагандар кармалды
08.12.2021 | 12:59
Токмок шаарында 41 жаштагы тургундун 40 тонналык контейнерин уурдап кетишкендер кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдирди.
Маалыматка караганда, жергиликтүү милицияга кабар 2-декабрь күнү жеткен. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө баштаган. Натыйжада, уурдап кетүүгө шектүүлөр кармалып, райондук милицияга жеткирилген.
Иликтөөдө, контейнерди темир алган жайлардын бирине өткөрүшкөнү аныкталган.
Учурда милиция жогорудагы кылмышка шектүүлөрдөн башка уурулук фактыларына тиесшеси бар же жогун текшерүүдө.
Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом