Электр тармактар жетекчиси үйүнө майнинг-ферма ачканы аныкталды

Электр тармактар жетекчиси үйүнө майнинг-ферма ачканы аныкталды

Бүгүн, 8-декабрда Чолпон- Ата райондук электр тармактарынын (РЭТ) башчысы майнинг-ферма уюштуруп жатканы аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматк караганда, 1976-жылы туулган Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын (РЭТ) башчысы “И.А.Дж.” жашаган жеринде криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг ферма уюштуруу фактысы аныкталды.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында жана Ысык-Көл райондук сотунун 2021-жылдын 7-декабрындагы «Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тинтүү жүргүзүү жөнүндө» токтомунун негизинде иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө аталган башчы “И.А.Дж.” жашаган жери Чолпон-Ата шаары, Ж.Акималиев көчөсү, №1 дареги боюнча көрсөтүлгөн майнинг ферма электр эсептегичти айланып туташтырылгандыктан, бир топ көлөмдө электр энергиясын уурдоо фактысы аныкталды.

Белгилей кетсек, “И.А.Дж.” узак убакыт бою Чолпон-Ата РЭТ те ар кандай кызматтарда иштеп, 2021-жылдын 8-декабрынан тарта аталган уюмдун башчысы болуп дайындалган. Ал энергетика тармагында иштеп жатып, суунун аздыгынан улам республикада энергетикалык каатчылык болуп жатканына карабастан, кызматтык абалынан кыянаттык менен  пайдаланып, электр энергиясын уурдап, муну менен Кыргызстандын  энергетикалык коопсуздугуна зыян келтирген.

Азыркы учурда, бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын тергөөнүн алкагында, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоону камтыган зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>