УКМК: Талас медициналык коллежинде кызматкер 14 жыл жумушка келбей, айлык алып турганЭдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болдуПутин Пасхага карата элдешүү жарыялады10-апрелге карата аба ырайыКелечекке клик: MBANK менен MJunior каржы стратегдеринин муунун кантип тарбиялоодоЧет элдик инвесторлор Кыргызстанда дары-дармек чыгаруучу завод курууну пландоодо. Инвестициянын көлөмү – 25 млн доллар
Чүй облустук ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды
11.07.2023 | 12:16
Чүй облустук бириккен ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Министрлик Эрнст Хашимович Акрамовдун хирургиялык практиканы жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүүгө жана хирургиянын өнүгүшүнө кошкон салымын белгилейт.
Анын тажрыйбасы жана чеберчилиги медициналык практиканын кесипкөйлүгүнүн жана жогорку сапатынын үлгүсү болуп саналат.
Маалымат үчүн: чечим Министрлер кабинетине караштуу Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен кабыл алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом