Президент жана биринчи айым Наадам майрамына катышты

Президент жана биринчи айым Наадам майрамына катышты

Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 11-июлда, Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында ардактуу конок катары Улан-Батор шаарындагы Улуттук стадиондо өтүп жаткан улуттук Наадам майрамынын ачылыш аземине катышышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух куттуктоо сөз менен чыгып, Тогуз ак бунчукка таазим кылып, Наадам майрамынын башталышын расмий жарыялады.

Наадам жыл сайын Монголиянын ар тарабында белгиленип, бул майрамда салттуу ат чабыш, күрөш жана жаа атуу өткөрүлөт.

Чакырылган коноктор жана бардык катышуучулар үчүн концерттик программа тартууланып, ал улуттук кийимчен бийлер, ат жалында чеберчилик жана башка көптөгөн нерселер менен коштолду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>