«Силер кимсиңер!» Маршруткада ызы-чуу салган адам кармалды (видео)

«Силер кимсиңер!» Маршруткада ызы-чуу салган адам кармалды (видео)

Бишкекте коомдук унаанын ичинде ызы-чуу салып, башка жүргүнчүлөрдү кемсинткен адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин социалдык тармактарга кичи автобустардын биринде жүргүнчү ызы-чуу чыгарып, башка адамдарды кемсинткени тартылган видео тараган. Видеодо айтылгандарга ылайык, жүргүнчү банк картасы бөгөттөлгөндүктөн, акчасын чыгара албай, ызы-чуу сала баштаган. Калган жүргүнчүлөр аны тынчтандырууга аракет кылганда, ал кайра күчөгөн. Ал «Россияны сыйлабайсыңарбы» деп, кичи автобуста отургандарды кемсинткен сөздөрдү айткан. Андан кийин айдоочу унааны токтотуп, ызы-чуу салган адамдын түшүүсүн талап кылган. Видеодогу адамдын айтымында, ал Кыргызстанга чет жерден келген.

Милициядан билдиришкендей, аталган факт боюнча Бишкек шаардык милициясында каттоого алынып, териштирүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы менен жүргүнчүнүн иш-аракетине юридикалык баа берилет.

Шаардык милиция видеодогу адамдын өздүгүн тактаган. Ал 1977-жылы туулган Н.А. аттуу адам экени белгилүү.

«Аталган жаран тергөө кызматына жеткирилип, сурак учурунда окуя болгон кезде мас абалында болгонун түшүндүрүп, коомдук жайдагы жүрүм-туруму үчүн кечирим сураган», — деп билдиришти милициядан.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>