Чүйдүн Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 1 жашар наристе табыла элек. Бул тууралуу Reportep.kg′ге ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, наристени 1 аптадан бери куткаруучулар издеп жатышат.
Буга чейин, 18-июлда Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда 27 жаштагы келин сууга түшүп кеткен 1 жашар кызын куткарам деп сууга түшкөн. Куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, кичинекей кызын табышкан эмес.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз