Орунбеков чек арадагы жарандардын чырын Ак-Сайдын тургуну баштаганын жазды

Орунбеков чек арадагы жарандардын чырын Ак-Сайдын тургуну баштаганын жазды

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков кечээ, 24-июлда Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары ортосунда болгон чырды Ак-Сай айылынын тургуну баштаганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, окуя кечки саат 18:30 чамасында Баткен районунун Аксай айылында болгон.

«Ворух тараптан Аксай айылы аркылуу 9 машина (ЗАГСтан) келе жатышкан. Ошол учурда Кыргызстандын жараны — Аксай айылынын тургуну мас абалында тажик (жаранынын –ред.) унаасын токтотуп, таш менен уруп, айнектерин сындырып салган. Тажиктер унаадан түшө калып биздин 3 жаранды сабап салышкан.

Жолугушуу болду. Күнөлүүлөр боюнча териштирүү болот. Учурда кырдаал тынч, жол ачык. Жол милиция кызматкерлери менен күчөтүлдү», — дейт ал.

Орунбеков баракчасындагы билдирүүнү болжол менен бир сааттан кийин өчүрүп салды.

Ошол эле учурда социалдык тармактын колдонуучулары Ак-Сай айылынын тургундары Дайырбек Орунбековдун жазгандарын төгүндөп, мас абалында болбогонун билдиргенин жазышууда. Аны менен бирге алар Орунбековдун «чырды кыргыз жарандары баштаган» деген маанайдагы билдирүүсүн сынга алууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматы берген маалыматка караганда, 24-июлда болгон чырды Кыргызстандын жарандары баштаган эмес. Маалыматка караганда, Баткендин Ак-Сай айылынын эки тургуну Ак-Сай — Көк-Таш жолунда бараткан. Ошол маалда аталган жолдо 8 унаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы айылына бараткан тажикстандык жарандар алардын жолун кескен.

Натыйжада эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ чыккан. Чырды ырбатып жибербөө үчүн Кыргызстандын ИИМнин кызматкери жерине барган. Бирок Тажикстандын жарандары ага кол салган. Милиция кызматкери качып кетүүгө үлгүргөн. Коңшу мамлекеттин жарандары аны сабоого аракет кылып, унаасынын артты көрсөткөн күзгүсүн сындырган.

Окуядан кийин эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жолугушуу өткөргөн.

Бүгүн, 25-июлга карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Учурда абал кандай?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>