Чүйдө эне менен кызы сууга акты. Аялдын сөөгү табылды

Чүйдө эне менен кызы сууга акты. Аялдын сөөгү табылды

Чүйдө эс алуу жайында эки адам сууга агып, бирөөнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда,  Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда кыз апасы менен сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерине Аламүдүн районунан 3 куткаруучу, Сокулук районунан 5 куткаруучу тартылган.

Издөөнүн натыйжасында куткаруучулар тарабынан аял кишинин сөөгүн суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми  кызды издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган.  Аны издөө бүгүн, 19-июлда улантылат.

ӨКМдин бүгүн, 19-июлда билдирген маалыматы боюнча окуя Бишкектин четиндеги «12 каминов» эс алуу жайында болгон. Анда 27 жаштагы келин сууга түшүп кеткен кичинекей кызын куткарам деп сууга түшкөн. Кечээ, 18-июлда куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, кичинекей кызын табышкан  эмес. Учурда издөө иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>