Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Учурда абал кандай?

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Учурда абал кандай?

Бүгүн, 25-июлга карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-июлда Баткендин Дача жергесинде болгон Тажикстан менен Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы чырдын ырбап кетпеши үчүн эки өлкөнүн аймактардагы чек ара өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бир нече жолугушуу өткөргөн.

Анын жыйынтыгы менен бир нече чечим кабыл алынган:

— Укук коргоо органдары тарабынан коюлган блокпостторду алып салуу: кыргыз тарап Дача жергесиндеги, тажик тарап Кожалы (Хожаи-Аъло) чек ара тозоту жактагы жолдогу блокпостту.

— Чек ара аймактарында чек ара чырына алып келе турган окуяларга жол бербөө.

— Ак-Сай айылы (КР) – Кожалы айылы (ТР) – Төрт-Көчө жергеси багыты боюнча аймактагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул жүргүзөт.

Андан тышкары, кечээ, 24-июлда блокпост коюлган жолдордогу унаалардын кыймылы жандандырылып, эки өлкөнүн чек ара тилкелеринде жашаган тургундары арасында түшүндүрүү иштери жүргузүлгөн.

Жолугушуу учурунда 24-июлда болгон окуяны иликтөө, ага катышкан адамдарды аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселеси каралган. Тажикстан тарап Кыргызстандын ИИМ кызматкеринин унаасына келтирилген зыяндын ордун толтурууга даяр экенин билдирген.

Бүгүн, 25-июлда саат 09:00до «Кызыл-Бел – унаа жолу» өткөрмө бекетинде Баткендин жана Согди облусунун (Тажикстан) күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда жолугушуу башталган.

Эскерте кетсек, кечээ, 24-июлда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандары ортосунда чыр-чатак чыккан. Маалыматка караганда, Баткендин Ак-Сай айылынын эки тургуну Ак-Сай — Көк-Таш жолунда бараткан. Ошол маалда аталган жолдо 8 унаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы айылына бараткан тажикстандык жарандар алардын жолун кескен.

Натыйжада эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ чыккан. Чырды ырбатып жибербөө үчүн Кыргызстандын ИИМнин кызматкери жерине барган. Бирок Тажикстандын жарандары ага кол салган. Милиция кызматкери качып кетүүгө үлгүргөн. Коңшу мамлекеттин жарандары аны сабоого аракет кылып, унаасынын артты көрсөткөн күзгүсүн сындырган.

Окуядан кийин эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жолугушуу өткөргөн.

Кыргыз-тажик чек арасы: Тажикстандын жарандары ИИМ кызматкерине кол салды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>