Марлен Маматалиев парламенттин Төрагасынын алдындагы Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин ишин жандандырдыБишкекте айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер 6-апрелден тарта жаңы даректе өткөрүлө баштайт1-класска электрондук каттоо: Эки күндө 29 миңге жакын бала катталдыКыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКыргызстан Иранга гумжардам жөнөтөт: 129 тонна азык-түлүк жана дары-дармекБишкекте 1,2 млн долларга Улуттук вакцина кампасы курулат: долбоордун чоо-жайы
Чүйдө балык уулоого кеткен жаран табылбай жатат
26.08.2022 | 09:16
Аламүдүн районунда балык уулоого кеткен 52 жаштагы адам эки күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ала-Арча суу сактагычына 1971-жылы туулган И.У.К. аттуу жаран балык уулоого чыгып, кайра кайтып келбегиндиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Суунун жээгинде кийимдери табылган. Издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 8 куткаруучу, ИИМден кызматкерлер тартылган. 25-августта жүргүзүлгөн издөө иштеринен жыйынтык болгон эмес. Издөө 26-августта улантылат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом