Чүйдө эне менен кызы сууга акты. Аялдын сөөгү табылды

19.07.2023 | 09:16

Чүйдө эс алуу жайында эки адам сууга агып, бирөөнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда,  Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда кыз апасы менен сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерине Аламүдүн районунан 3 куткаруучу, Сокулук районунан 5 куткаруучу тартылган.

Издөөнүн натыйжасында куткаруучулар тарабынан аял кишинин сөөгүн суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми  кызды издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган.  Аны издөө бүгүн, 19-июлда улантылат.

ӨКМдин бүгүн, 19-июлда билдирген маалыматы боюнча окуя Бишкектин четиндеги “12 каминов” эс алуу жайында болгон. Анда 27 жаштагы келин сууга түшүп кеткен кичинекей кызын куткарам деп сууга түшкөн. Кечээ, 18-июлда куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, кичинекей кызын табышкан  эмес. Учурда издөө иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top