Кыргызстанда жаңы беш кесип даярдала баштайт. Алар кайсылар?

Кыргызстанда жаңы беш кесип даярдала баштайт. Алар кайсылар?

“Ала-Тоо” Эл аралык университетинин базасында жаңы инновациялар жана IT медицина университети түзүлөт. Бул тууралуу 18-июлда, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган коллегияда билдирди.

Бул жерде 5 жаңы кесип даярдалат:

— климаттык өзгөрүү,

— урбанистика,

— жасалма интеллект,

— логистика,

— IT медицина.

Каныбек Иманалиев башталгыч кесиптик билим берүү багытында кыргыз-орус, кыргыз-өзбек, кыргыз-кытай биргелешкен лицейлерин түзүү боюнча Меморандумга кол коюлгандыгын, 8 колледж алдыңкы тажрыйба борборлору болуп таанылгандыгын айтты.

Ошондой эле, Ош мамлекеттик университетинде М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылгандыгын, ал эми октябрь айында Орусия президентинин Кыргызстанга болгон сапары учурунда Москва мамлекеттик университетинин филиалын Караколдо ачуу жөнүндө келишимге кол коюла тургандыгын билдирди.

Ошондой эле министр 2024 -жылы Кыргызстандын билим берүү министрлигине 100 жыл толоорун айтып, “Билим бардыгына – мүмкүнчүлүктөр бардыгына!” деген ураан алдында Глобалдык форум өткөрүү мерчемделип жатканын кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>