Корея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайыКыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйт
Чүйдө мектепке өрт койгон делип 26 жаштагы жигит кармалды
09.01.2025 | 17:12
Чүйдө мектепке өрт койгон деп шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 8-январда саат 04:30дарда Ак-Суу айылындагы №1 мектептин ичине белгисиз адамдар кирип, 2-3-кабаттардагы кабинеттердин эшигин сындырып, пардаларды өрттөгөн. Бул боюнча милицияга мектеп директору арыз жазган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция бул ишке шектүү катары 26 жаштагы жаранды (Д.Т.) кармаган. Ал мурда соттолгону белгилүү.
Ал мас абалында мектепке кирип, эшиктерди сындырып, пардаларды өрттөгөнү аныкталган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.