Кыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштадыКыргызстандын 2027-жылкы бюджетине жаңы чыгымдарды кошуу сунушталды Ошто Испаниянын Universidad Europea del Atlántico университетинин кампусун ачуу каралуудаБишкекте электр велосипеддерин уурдап жүргөн деп шектелип эркек киши кармалдыКызыл-Ой айылындагы мектептен чыккан өрт чектөөгө алынды — КР ӨКМКыргызстанда Суу ресурстары кызматына жаңы жетекчи дайындалды
Чүйдө мектепке өрт койгон делип 26 жаштагы жигит кармалды
09.01.2025 | 17:12
Чүйдө мектепке өрт койгон деп шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 8-январда саат 04:30дарда Ак-Суу айылындагы №1 мектептин ичине белгисиз адамдар кирип, 2-3-кабаттардагы кабинеттердин эшигин сындырып, пардаларды өрттөгөн. Бул боюнча милицияга мектеп директору арыз жазган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция бул ишке шектүү катары 26 жаштагы жаранды (Д.Т.) кармаган. Ал мурда соттолгону белгилүү.
Ал мас абалында мектепке кирип, эшиктерди сындырып, пардаларды өрттөгөнү аныкталган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.