Чыныбай Турсунбековдун сөөгү бүгүн «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

Чыныбай Турсунбековдун сөөгү бүгүн «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун сөөгү «Ала Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-июлда «Ала Арча» көрүстөнүндө митинг-реквием уюштурулат. Учурда ага даярдыктар көрүлүп жатат. Чыныбай Турсунбековду акыркы сапарга узатуу үчүн мамлекеттик, коомдук ишмерлердин келиши күтүлүүдө. Депутаттын сөөгү саат 14:00дө жерге берилет.

Саясатчы кечээ, 6-июлда, Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө эки тараптуу пневмониядан көз жумган.

Турсунбеков пневмония менен жабыркап, бир  нече күндөн бери өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан.

2015-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматын аркалаган. Парламенттин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болуп шайланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>