Бишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалууда
Дагы бир кыргызстандык спортчу Дүйнөлүк оюндарда күмүш утту
26.10.2023 | 18:14
Кыргызстандык спортчу Руслан Сагдеев Дүйнөлүк оюндарда жиу-житсу боюнча мелдеште күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу мелдешке 94 кг салмакта катышкан. Финалдык беттеште Бириккен Араб Эмираттарынын балбанынан жеңилип, күмүш медалдын ээси болду.
Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк оюндар 20-октябрь күнү башталган, 30-октябрда жыйынтыкталат.
Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык спортчулар Дүйнөлүк оюндарды самбо боюнча 3 коло, каратеден 1 күмүш жана грепплингден 2 коло байге уткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз