Аңчылык куралдарга өз алдынча ок жасоого уруксат берүү сунушталды

Аңчылык куралдарга өз алдынча ок жасоого уруксат берүү сунушталды

“Курал жөнүндө” мыйзамдын 18-беренесине толуктоону Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.

Анын пикири боюнча, мыйзамдагы кемчиликтер жаңы технологияларды киргизүү жана жаңы жогорку тактыктагы  куралдарды чыгарууга гана эмес, биздин спортчуларга дагы тоскоол болууда.

Учурда аңчылык сайсыз куралдарга гана патрондорду өз алдынча  даярдоого уруксат берилген.

Депутат аңчылык куралдын бардык түрүнүн огун даярдоого мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштайт. Бирок аны курал алып жүрүүгө уруксаты бар адам, өзүнүн пайдалануусу үчүн гана жасай алат.

Бактыбек Чойбековдун айтымында, өлкөдө курал маданияты  өнүгүп келе жатат.

“Курал ээлери — мергенчилер, аткыч-спортчулар же жөн гана ышкыбоздор өздөрүнүн өнүгүүсүндө сайсыз найлуу куралына патрондорду өз алдынча жабдуу зарылчылыгына жакындап калышты”,  — дейт эл өкүлү.

Депутаттын маалыматында, Кыргызстандын курал-жарак дүкөндөрүндө өткөн кылымдын 70-жылдарында жасалган октун эки гана түрү бар. Импорттук патрондор тартыш жана кымбат.

Мыйзам долбоордун автору колдо жасалган ок арзан жана сапаттуу болорун белгилейт.

Депутат мыйзам долбоор снайпинг спортун өнүктүрүүгө багытталганын белгилейт.

“Кыргызстандын Снайпинг федерациясы түзүлдү. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жогорку тактыкта атуу боюнча мелдештер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат, бул өлкөнүн коргонуу жөндөмүнө оң салымын кошот. Варминтинг, тоо мергенчилик — жогорку тактыктагы аңчылыктын түрлөрү өнүккөн жана популярдуу”, — дейт ал.

Депутаттын айтымында, мыйзам долбоор криминогендик абалга эч кандай таасир этпейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>