Автобустун айдоочусуна кол көтөргөн адам үч суткага камалды (видео)

Автобустун айдоочусуна кол көтөргөн адам үч суткага камалды (видео)

Бишкекте көчөдө автобустун айдоочусуна кол көтөрүп, урган Kia Morning унаасынын айдоочусу үч суткага камалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан айдоочунун өздүгү такталып, ал 1990-жылы туулган И.Р. аттуу жаран экени аныкталган. Кийинчерээк бардык жагдайларды тактоо үчүн ал Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына алынып келинген.

Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.  Октябрь РИИБнин кызматкерлери тарабынан кармалган жарагша Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлдү. Бардык чогултулган материалдар маңызы боюнча чечим чыгаруу үчүн Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.

 “Сот тарабынан жаран И.Р.га карата Бишкек шаардык милициясынын СИЗОсуна үч суткага камакка алуу түрүндөгү жаза колдонулду”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарга Kia Morning унаасынан айдоочусу жүргүнчү ташыган автобустун айдоочусун уруп жатканы тартылган видео тараган. Кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, окуя 24-октябрда Бишкектин Анкара көчөсүндө болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>