Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин комитет жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жетекчилерине «Түштүк Магистраль»- деп көчөнүн атын туура эмес атап жатканын сынга алды.
“Силер кайра-кайра эле атап жаткан “Түштүк магистраль” 2010-жылдан баштап Абсамат Масалиев атындагы проспектиси деп аталган. Атайын шаардык чечими менен ысым ыйгарылган болчу. Ушуну эстеп койгулачы. Аталганына 12 жыл болду, муну бардыгыбыз тактап алалы” – деди.
Абсамат Масалиев депутат Исхак Масалиевдин атасы. Саясий, мамлекеттик ишмер болгон.