«Дордой Дыйкан» бүгүн дагы митингге чогулду. Салык кызматы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

«Дордой Дыйкан» бүгүн дагы митингге чогулду. Салык кызматы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

«Дордой Дыйкан» базарынын соодагерлери бүгүн дагы ишке чыккан жок. Бул тууралуу Reporter.kg’ге ишкерлер билдиришти.

Алар кечээтен бери электрондук счет фактура (ЭСФ) жана электрондук товардык-транспорттук коштомону (ЭТТН) жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Алардын каршылык акциясы бүгүн дагы улантылат.

Мамлекеттик салык кызматы базарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады.

«2024-жылдын башынан тартып «Дордой Дыйкан» СБКнын аймагында иштеген соодагерлер үчүн базарларга жана кичи базарларга салык салуу маселелери боюнча көчмө окутуу семинарлары көп жолу өткөрүлгөн. Азыркы учурда «Дордой Дыйкан» СБКнын аймагында 705 ишкердик субъекти өзүнүн экономикалык ишмердигин жүргүзүп жатат, алардын ичинен 531 субъект 0,1%дык ставка менен бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өткөн», — дейт кызмат.

«Дордой Моторс» базарынын соодагерлери кайра митингге чыгышты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>