Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы Ошто белгиленет. Программасы

17.08.2023 | 23:24

31-августта Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы, мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Программанын долбоору:

– Ош шаарында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү (Сулайман-Тоо);

– КР мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция жана Насирдин Исановдун эстелигинин ачылышы (ОшМУ);

– “Ош – достуктун шаары” иш-чарасы (Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры);

– спорттук мелдештер (Ахматбек Сүйүнбаев атындагы Ош шаарынын борбордук стадиону);

– ат оюндары (“Төлөйкөн” ат майданы);

– майрамдык салтанаттуу иш-чаралар (Ош шаарынын борбордук аянты).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Scroll to Top