Бишкекте бир катар компанияларга 162 миң сом айып салынды. Тизме 

Бишкекте бир катар компанияларга 162 миң сом айып салынды. Тизме 

Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар аныкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2 күн ичинде мэриянын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан 162 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салынган.

Эрежелерди бузгандардын тизмеси:

— «Роял Констракшн» ЖЧКсына 115-берененин 2-бөлүгү боюнча курулуш таштандыларын белгисиз жайларга чыгаруу үчүн 23 миң сом өлчөмүндө;

— «Гефест Билдинг» ЖЧКсы чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;

— «Сосед» турак жай ээлеринин шериктештиги көп батирлүү турак жайлардын санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн 110-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;

— «Страна Чудес» ТЖЭШ көп батирлүү турак жайларын санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн 110-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;

— чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн «Би-Джей Би» ЖЧКсына 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;

— Жанаша жайгашкан аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн «Учур» мектепке чейинки билим берүү мекемесине 13 миң сом өлчөмүндө;

— «Бишкек петролеум» АК жанаша жайгашкан аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;

— Баратова Р. 114-беренеси жана 115-беренесинин 2-бөлүмү боюнча курулуш таштандыларын аныкталбаган жерлерге чыгаргандыгы үчүн 2 протокол түзүлүп, 10 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул төлөйт;

— Эсеналиев А.О. 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча курулуш таштандыларын белгисиз жайларга чыгаргандыгы үчүн 7 миң 500 сом өлчөмүндө;

— Жунушов Д., 115-беренесинин 2-бөлүгү менен курулуш таштандыларын белгисиз жайларга чыгаргандыгы үчүн 7 миң 500 сом өлчөмүндө;

— Сыргабаев И.114-берене боюнча чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 30 миң сом өлчөмүндө;

— Чоюнов У.М. 114-ерене боюнча жанаша жайгашкан аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 3 миң сом өлчөмүндө;

— М.Сайдахматовдон 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча өндүрүш калдыктарын аныкталбаган жерлерге чыгаргандыгы үчүн 7 миң 500 сом өлчөмүндө;

— Асанов Г.Т. 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча уруксаат кагаздары жок казуу үчүн 5 миң 500 сом өлчөмүндө;

— Сатишова И.А. (тигүү цехи) таштанды чыгаруучу мекеме менен келишим түзбөгөндүгү үчүн 114-берене боюнча 3 миң сом өлчөмүндө;

— Осмонали уулу И. 177-берененин 1-бөлүгү менен жол курулушуна келтирилген зыян үчүн 5 миң 500 сом өлчөмүндө;

— Акматалиев К.К. 114-берене боюнча жанаша жайгашкан аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 3 миң сом өлчөмүндө;

— Ш.Болода 115-берененин 1-бөлүгү менен катуу тиричилик калдыктарын аныкталбаган жайларга чыгаргандыгы үчүн 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул төлөт;

Инспекция көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталганда мыйзам бузуучулар күнөөсүн мойнуна алган-мойнуна албаганына карабастан жеринде протоколдор түзүлөрүн эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>