Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы Ошто белгиленет. Программасы

Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы Ошто белгиленет. Программасы

31-августта Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы, мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Программанын долбоору:

— Ош шаарында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү (Сулайман-Тоо);

— КР мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция жана Насирдин Исановдун эстелигинин ачылышы (ОшМУ);

— «Ош – достуктун шаары» иш-чарасы (Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры);

— спорттук мелдештер (Ахматбек Сүйүнбаев атындагы Ош шаарынын борбордук стадиону);

— ат оюндары (“Төлөйкөн” ат майданы);

— майрамдык салтанаттуу иш-чаралар (Ош шаарынын борбордук аянты).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>