Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Египеттеги турнирде Акылбек Талантбеков финалга чыкты
24.02.2023 | 22:47
Кыргызстандык Акылбек Талантбеков Египетте өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча рейтингдик турнирдин финалына чыкты.
Ал 82 килограммга чейинки салмак ченинде чыгып, 1/4 финалдан баштаган.
Алгач кыргызстандык Алжирден келген спортчуну жеңди.
Мелдеш 23-февралда башталган, 26-февралда жыйынтыкталат. Турнирдин экинчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн Нуржигит Кенешбек уулу, Ырыскелди Максатбек уулу, Акылбек Талантбеков жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы таймашка чыгууда. Айсулуу Тыныбекова да финалга чыкты.
Египеттеги мелдеш: Бүгүн Тыныбекова, Жуманазарова жана Медет кызы күрөшөт
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт