Садыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керекМанас Кыргызстандагы экинчи экономикалык борбор макамын алат
Египеттеги турнирде Акылбек Талантбеков финалга чыкты
24.02.2023 | 22:47
Кыргызстандык Акылбек Талантбеков Египетте өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча рейтингдик турнирдин финалына чыкты.
Ал 82 килограммга чейинки салмак ченинде чыгып, 1/4 финалдан баштаган.
Алгач кыргызстандык Алжирден келген спортчуну жеңди.
Мелдеш 23-февралда башталган, 26-февралда жыйынтыкталат. Турнирдин экинчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн Нуржигит Кенешбек уулу, Ырыскелди Максатбек уулу, Акылбек Талантбеков жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы таймашка чыгууда. Айсулуу Тыныбекова да финалга чыкты.
Египеттеги мелдеш: Бүгүн Тыныбекова, Жуманазарова жана Медет кызы күрөшөт
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт