Түркиянын эки районунда 855 үйдүн курулушу башталды

Түркиянын эки районунда 855 үйдүн курулушу башталды

Түркиянын Айлана-чөйрө, шаар куруу жана климаттык өзгөрүү министри Мурат Курум жер титирөөдөн жабыркаган Газиантеп облусунун Нурдагы жана Ислахие райондоруна курулушу пландалган 855 турак жайдын биринин пайдубалына курулушуна катышты.

Кырсык болгон аймакта жаңы турак-жайлар Түркиянын турак жай башкармалыгы (TOKİ) тарабынан курулат.

«Биздин бардык аракетибиз жарандарды тез арада үй менен камсыз кылууга багытталган. Келишим түзүлүп, сейсмикалык иштер аткарылган аймактарда дароо курулуш иштерин баштайбыз», — деди министр.

Түркиянын жер титирөөдөн эң көп жабыркаган аймактарынын бири болгон Нурдагыда курулуш иштери Бадемли кварталынан башталды. Курулуш техникасы ишке киришти.

Дүйшөмбү күнү, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болду.

Түркиянын түштүк-чыгышында болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 42,3 миңден ашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>