Айсулуу Тыныбекова рейтингдик турнирде финалга чыкты

Айсулуу Тыныбекова рейтингдик турнирде финалга чыкты

Айсулуу Тыныбекова Египетте өткөн күрөш боюнча рейтингдик турнирде финалга чыкты. Ал 62 килограммга чейинки салмак категориясында чыгып, 1/8 финалдык баскычтан баштаган.

Тыныбекова Франция, АКШ, Украинанын спортчуларын үч жолу катары менен жеңип, финалга чыкты.

Чечүүчү беттеште кыргызстандык Кытайдын өкүлү Сяожюан Луо менен күч сынашат. Тыныбекова Хорватияда өткөн рейтингдик турнирде бул кытайлык кыз менен беттешип, 1/16 финалда 4:10 эсебинде утулуп калган.

Буга чейин Акылбек Талантбеков да грек-рим күрөшү боюнча мелдеште финалга чыккан. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Мелдеш 23-февралда башталган, 26-февралда жыйынтыкталат. Турнирдин экинчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн Нуржигит Кенешбек уулу, Ырыскелди Максатбек уулу, Акылбек Талантбеков жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы таймашка чыгат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Египеттеги мелдеш: Бүгүн Тыныбекова, Жуманазарова жана Медет кызы күрөшөт

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>