«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодоКыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдөАлтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалдыАЭС боюнча сүйлөшүүлөр «шашпай жүрүүдө». «Росатомдун» жетекчиси Кыргызстандагы пландар тууралуу эмнелерди айтты?Өспүрүмдөр көзөмөлсүз жабык кабиналарда калууда: Бишкекте «Антикино» жайларында рейд өткөрүлдүӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүүсү мүмкүн
Экс-министрдин иниси Аксыга аким болду
05.01.2021 | 16:31
Аксы районуна жаңы аким дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Шакиев Жыргалбек Тургунбекович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.
Жыргалбек Шакиев, мурдагы маданият министри Нурланбек Шакиевдин бир тууган иниси.
Өткөн парламенттик шайлоодо “Мекеничил” партиясынын тезмесинде 23-болуп талапкер катары катышкан.
Белгилей кетсек, кечээ, Аксы-Ала-Бука автоунаа жолун 300 адам тосуп, акимди жана райондук милициянын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Аталган адамдар иштен кеткен соң гана тарап, унаа жол ачылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат