«Такси 3» тасмасынын жылдызы Бай Лин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келетФранцияда айыккыс дартка чалдыккандар эвтаназияга укук алыштыКабмин 1 млрд сомго жакын каражатты күйүүчү майдын баасын кармоого жумшадыОрунбеков: 2021-жылдан бери бажы төлөмдөрүнөн бюджетке 619,1 млрд сом түштү«Кылым Банктын» акциялары Каржы министрлигинен Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлдүКыргызстан ЕАЭБден документсиз товар ташып киргендерге жазаны катаалдантты — кеңири маалымат
Экс-министрдин иниси Аксыга аким болду
05.01.2021 | 16:31
Аксы районуна жаңы аким дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Шакиев Жыргалбек Тургунбекович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.
Жыргалбек Шакиев, мурдагы маданият министри Нурланбек Шакиевдин бир тууган иниси.
Өткөн парламенттик шайлоодо “Мекеничил” партиясынын тезмесинде 23-болуп талапкер катары катышкан.
Белгилей кетсек, кечээ, Аксы-Ала-Бука автоунаа жолун 300 адам тосуп, акимди жана райондук милициянын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Аталган адамдар иштен кеткен соң гана тарап, унаа жол ачылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат