Кара-Балтада уруштан кийин аял күйөөсүн бычактап, андан кийин уктап калганКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн 1,2 млн гектардан ашык жерге себүү пландалуудаКыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы жыл башында 13 пайыздан ашык өсүштү көрсөттүИИМ: Журналист Алтынай Арстанбекова массалык башаламандыктарга чакырууга шектелип кармалдыБишкекте тамак-аштан уулангандардын саны 20 адамга жетти. Бирөө жандандыруу бөлүмүндөАшуулардагы абал: бардык унаалар үчүн чектɵɵлɵр жок
Эмгек министрлиги карылар үчүн борбор жана кеңеш түзүүнү пландоодо
17.05.2025 | 12:23
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен “Кыргызстан пенсионерлер союзу” коомдук бирикмеси кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Документ улгайган жарандардын укуктарын коргоо, социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана алардын коомдук турмушка активдүү катышуусун камсыз кылууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну камтыйт.
Жыйындын жүрүшүндө уюм өкүлдөрү жөлөкпул маселесин, карылар үчүн пансионаттардын жетишсиздигин жана геронтологиялык борбор куруунун зарылдыгын көтөрүштү.
Рубрики: Жаңылыктар