Азыркы тапта Орто-Токой ГЭСинин курулушу 50%га аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Орто-Токой ГЭСтин курулушу 2024-жылдын 29-июнунда расмий түрдө башталган. Станциянын пландалган кубаттуулугу — 21 МВт.
Министрликтин маалыматында, учурда долбоордун жалпы курулуш иштери болжол менен 50 %га аткарылды. ГЭСтин курулушу 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында толугу менен аяктайт деп пландалууда. Ал ишке берилгенден кийин Балыкчы шаарынын 14 миңден ашуун абонентин электр энергиясы менен камсыз кыла алат.
Долбоорду «Чакан ГЭС» ишканасы Кытайдын China National Machinery Industry Corporation (CHMC) компаниясы менен биргеликте ишке ашырууда.
Министрлик төмөнкү иштер аткарылып бүткөнүн билдирди:
- Курулуш объектилерине убактылуу жана туруктуу жолдор курулду;
- Куруучулардын шаарчасы, материал сактоочу кампалар, бетон аралаштыруучу түйүндөр, компенсациялык блоктор жана электр камсыздоо объектилери толук аяктады;
- Узундугу 928 метрди түзгөн деривациялык туннелдин 727 метри казылды;
- Алуучу каналдын жээк дубалдары курулду (жалпы 868 м³ бетон колдонулган);
- Алуучу каналдын задвижкалары жеткирилип, орнотулду;
- Ар бир гидроагрегат үчүн бирден болуп, үч соордургуч түтүктүн конустары орнотулду;
- Суу кабыл алуучу жайга алып барган жол курулуштун бетондоо жана жер иштери аяктады (жоллдун узундугу – 92 м, 300 м³ бетон колдонулган).