Бишкектин муралдары: Катревичтердин үй-бүлөсү эски дубалдарга кантип жан берет?Сергей Шойгу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысына согуш жылдарындагы элдердин эрдиги тууралуу уникалдуу китептер сериясын тапшырдыЧүйдүн Новопокровка айылында 100 орундуу төрөт үйү ачылат«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодоКыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдөАлтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалды
Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт
07.05.2024 | 09:15
8-майда Бишкектин Учкун конушу жана Учкун кичи районунда таза суу болбойт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы «ВПУ» суу тосмосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин пландоодо.
Саат 9:00дөн 21:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы чектелген көчөлөр:
* Садовая көч- Чүй пр. – Ч. Валиханов көч – темир жол линиясы;
* 7-апрель көч–Ауэзов көч- Исакеев көч – Ч. Валиханов көч.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом