Эртең, 27-апрелде канализациялык насостук станцияны орнотуу менен магистралдык канализация тармактарын куруу үчүн Будённый көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чоң Чүй каналынан Славянская көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
«Иштер беш этап менен жүргүзүлөт. Биринчисинде узундугу 310 метр келген магистралдык канализация тармактарын куруу пландаштырылууда. Курулушта диаметри 300 миллиметр болгон түтүктөр колдонулат», — деп белгилешти мэриядан.
Курулуш иштерин подряддык уюм «Арай» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Курулуш иштерин май айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.