Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Эртең Бишкектин Будённый көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
26.04.2022 | 14:17
Эртең, 27-апрелде канализациялык насостук станцияны орнотуу менен магистралдык канализация тармактарын куруу үчүн Будённый көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чоң Чүй каналынан Славянская көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
«Иштер беш этап менен жүргүзүлөт. Биринчисинде узундугу 310 метр келген магистралдык канализация тармактарын куруу пландаштырылууда. Курулушта диаметри 300 миллиметр болгон түтүктөр колдонулат», – деп белгилешти мэриядан.
Курулуш иштерин подряддык уюм «Арай» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Курулуш иштерин май айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом