Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Өзбекстанга мыйзамсыз кара өрүк ташып бара жаткан киши кармалды
26.04.2022 | 14:17
25-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Мамай участкасында Өзбекстанды көздөй бара жаткан Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа табылган. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, чек арачылар чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракетинин алдын алып, унаа менен айдоочуну кармашкан. Автоунаадан 2500 кг кара өрүк табылган.
Айдоочунун өздүгүн тактоодо ал Кыргызстандын 1986-жылы туулган Н.З. аттуу жараны болуп чыкты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кечиктирилген жүктүн баасы 300 миң сомдун тегерегинде болгон.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочу жана жүк кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар