Конституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалганКыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодоЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылдыКыргызстандын жана Тажикстандын телекоммуникациялык компаниялары максаттуу киберчабуулдарга кабылды
Эртең электр энергиясына карыз 6200дөй абоненттин жарыгы өчөт
26.07.2023 | 17:49
Бишкекте 27-июлдан тарта 6200дөн ашык турак-жай абоненттеринин электр энергиясы дебитордук карызынан улам өчөт. Бул тууралуу “Бишкек электр тармактар” ишканасынан билдиришти.
Аталган ишкана абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.
Белгиленгендей, турак-жай абоненттери өз балансын “Менин жарыгым” мобилдик тиркемеси аркылуу “Play Market” жана “AppStore” онлайн аянтчалардан жүктөп алып, биле алышат.
Ошондой эле, абоненттер күнү-түнү иштеген колл-борборго 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 номурлары аркылуу кайрылса болот же 0556 001209 номуруна “WhatsApp” аркылуу жазса болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом